Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Коргоо кеңеши курулуш агенттигиндеги коррупцияны атады


Кыргызстандын Коргоо кеңеши өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак-жай агенттигиндеги коррупциялашкан тармактарды аныктады. Бул тууралуу кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Коргоо кеңешинин алдында түзүлгөн топ үч ай иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында, агенттиктеги жер ресурстары башкармалыгы, курулуш тармагын пландоо, курулуш үчүн уруксат берүү, архитектура жана курулуш тармагын көзөмөлдөө, кадрдык кызмат, курулуш агенттигиндеги сатып алуулар коррупциялашкан тармактар деп табылган. Мындан улам Коргоо кеңеши аталган агенттикке көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG