Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Жалал-Абадда мектеп окуучусу 7-кабаттан кулап каза тапты


Бул тууралуу облустук милиция башчысынын орун басары Ибрагим Шатманалиев билдирди. Анын айтымында, шаардагы №5 мектептин окуучусу Айгерим Абдукеримова курбу кызы менен кароосуз калган эски ун комбинатынын имаратынын 7-кабатына чыгып барган. Болгон окуяны милиция кокустук деп болжолдоп жатат.

10 кабаттан турган бул имарат “Дан Юг” ишканасына таандык, бирок иштебегендиктен кароосуз калган. Кээде жаштар ага чыгып, шаарды үстүнөн караганды адат кылып алган. (RsK)

XS
SM
MD
LG