Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Нурмамбет айылдык кеңеши ЖК депутаты карызын төлөбөй жатканын билдирүүдө


Ысык-Ата районуна караштуу Нурмамбет айыл аймагынын депутаттары Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Талант Узакбаевден карызын өндүрүү аракетин көрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн жергиликтүү кеңештин төрагасы Азамат Мусакеев билдирди. Анын айтымында, ЖК депутаты Талант Узакбаевдин Нурмамбет айыл аймагына болгон карызы 800 миң сомдон ашып кеткен. Ал бир нече жыл мурда айыл округ аймагындагы мурдагы тоок фермасын 105 гектар жер аянты менен сатып алгандан бери бир да жолу жергиликтүү казынага кыймылсыз мүлк жана жер салыгын төлөгөн эмес.

Ошондой эле аймактын “Кызыл чыгыш” жаштар жамааты эгер ЖК депутаты мындан ары да кенебестик кылса чукул чараларга барышаарын “Азаттыкка” кабарлашты.

Депутат Талант Узакбаев болсо “Азаттыкка” жогоруда айтылган жер ага эмес, тууганына таандык экенин, учурда каттоо иштери жүрүп жатканын, ал ошондон кийин гана карыздарын төлөй баштаарын билдирди. (SA)

XS
SM
MD
LG