Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Украинанын чыгышындагы зомбулук бир топ шаарларга тарады


Одессадагы соода түйүндөрүнүн имаратында чыккан өрт, 3-май, 2014
Одессадагы соода түйүндөрүнүн имаратында чыккан өрт, 3-май, 2014
Өлкөнүн күч структуралары “аскерий операциясын” улантып жаткан чакта чыгыштагы бир топ шаарларда орусиячыл сепаратисттер өкмөттүк имараттарды басып алышканын айтышууда. Ишембиде өкмөттүк аскерлер курчап алган Словянск шаарынын четинде кагылыштар болгону кабарланды. Краматорск шаарында аскерлер кечээ коопсуздук кызматтарынын имаратына жана жергиликтүү телекомпанияга көзөмөлдү кайтарып алышканын билдиришкен.

Луганскиде болсо орусиячыл сепаратисттер военкоматтын имаратына чабуул коюшту. Мариуполь жана Константинивка шаарларында да атышуулар болгону жөнүндө кабарлар бар. Украинанын чыгышындагы зордук-зобунда эки күндө 50дөн ашуун адам набыт болду. Алардын көбү 2-майда Одессадагы кагылышуудан кийин имаратта чыккан өрттөн өлгөн.

XS
SM
MD
LG