Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Ак-Сайда буулган жол ачыла элек


Жергиликтүү жетекчилердин Ак-Сай айылынын элинен жолду ачуу өтүнүчү аткарылбаганын «Азаттыкка» аталган айылдын башчысы Эркин Жолчиев билдирди.
Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары өткөн түнү Тажикстандын Ворух анкавына кетчү жолду бууп салышкан. Буга кечээ Улар жайлоосуна малын айдап бараткан аксайлыктарды Ворухтуктар өткөрбөй койгону себеп болгон.

Ушул тапта аксайлыктар анклавды айланып өткөн жолду тезирээк салып берүүнү жана жайыт маселесин биротоло чечүүнү талап кылып жатат.

Малын жайлоого айдап бараткан аксайлыктарды быйыл тажик жарандары Ворух аркылуу такыр өткөрбөй жатышкан.

Ак-Сай айылына кетчү жол Тажикстандын Кожалы айылын аралап өтөт. Андан өткөн кыргыздардын машинелерине таш атуулар көп катталып, жаңжалдар болгонунан Көк-Таш - Ак-Сай жолу өткөн жылдын соңунда курула башталган.

Тажик тарап буга каршы чыгып, 11-январда чек арачылар ортосунда ок атышуу болгон. (SA)

XS
SM
MD
LG