Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Кыргызстанда быйыл 4 жамааттык радио ачылат


Жамааттык ЖМК ассоциациясынын төрайымы Назира Жусупованын бүгүн "Азаттыкка" билдиришинче, бул радиолор Базар-Коргондун Кеңеш, Токтогулдун Кетмен-Төбө, Түптүн Карасаев жана Ак-Талаанын Баетов айылдарында ачылат. Учурда Улуттук байланыш агенттигинен жыштыктарды алуу иши гана калган.

Жамааттык радиолор ошол айыл аймагынын элдик жыйынында тандалып алынган көзөмөл тобу тарабынан башкарылат. Жергиликтүү радиолордун толкундары кыска аралыкка тарап, белгилүү бир сааттарда гана обого чыгып турат. Анда негизинен жергиликтүү маселелер козголуп, айыл ичиндеги жаңылыктар айтылат. Каалаган адамдар өз пикирин көпчүлүккө жеткирсе да болот.

Буга чейин Кеминде, Таласта, Суусамырда жана Баткенде ушундай жамааттык радиолор ачылган. Аларга эл аралык уюмдар каржылык колдоо көрсөтүп келет. (SA)

XS
SM
MD
LG