Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Бажы биримдигине каршы флеш-моб өтөт


Бишкекте бүгүн Бажы биримдигине каршы акция болот. Аны “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы, “Реформа”, “Демократиялык альянс” партиялары биргелешип өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучу активисттердин бири Мурат Мусуралиев билдирди.

Жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса, саясий жана экономикалык жактан Орусия сыяктуу ири мамлекеттерге көз каранды болуп, улуттук кызыкчылыктарга доо кетерин айтып келишет.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кирүү үчүн Кыргызстандын “жол картасы” дээрлик бүтүп калганын билдирген. Жогорку Кеңеш бул боюнча кийинки аптада парламенттик угуу өткөрөт.

Бажы биримдигине Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Армения жакынкы аралыкта кошулары кабарланууда.

Орусия Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык союзуна айлантылат деп, уюмга мурдагы советтик республикаларды тартууга аракет кылып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG