Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Евровидение-2014: европалыктар Орусияны колдоду


Данияда башталган Eurovision-2014 эл аралык ыр сынагына Орусиядан катышып жаткан эже-сиңди Толмачевалар европалыктардын колдоосуна ээ болуп, финалга чыкты. Украинадагы кырдаалга байланыштуу быйылкы сынакта Орусия Европанын колдоосуна ээ болбой тургандыгы айтылып жаткан болчу.

Сынактын жарым финалынын биринчи бөлүгү 7-майга караган түнү Копенгаген шаарында болду. Ага 16 мамлекет катышты. Орусия менен кошо Украина, Швеция, Азербайжан, Армения, Венгрия, Черногория, Сан-Марино, Голландия жана Исландиянын ырчылары финалга өттү.

Эстония, Латвия, Молдова, Португалия, Бельгия жана Албаниянын ырчылары өтпөй калды.

Жарым финалдын экинчи бөлүгү 8-майда болот. Тандап алынган 26 мамлекеттин ырчылары 10-май күнү негизги таймашка чыгышат. (SE)

XS
SM
MD
LG