Президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү жарлыгы менен Толкунбек Абдыгулов КР Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүк аппараттын экономика жана инвестиция бөлүмүн жетектеп турган. 2005-2006-жылдары Улуттук банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти болуп иштеген.
Улуттук банктын мурунку төрайымы Зина Асанкожоева өз арызынын негизинде 16-апрель күнү кызматынан бошотулган. (ZKo)
Улуттук банктын мурунку төрайымы Зина Асанкожоева өз арызынын негизинде 16-апрель күнү кызматынан бошотулган. (ZKo)