Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Ноокенде 20 адам шишкебектен ууланды


Алардын тогузу өспүрүм экенин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 7-майда билдирди. Алар үй-бүлөсү менен майрамдап олтуруп, район борбору Масыдагы "Эркинахун ата" кафесинен тооктун этинен жасалган шишкебек жеген.

Уулангандардын үчөө Майлуу-Суу шаардык ооруканасына, он экиси Ноокен райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Райондук санитардык кызматтын чечими менен кафе убактылуу жабылды.

Тийиштүү тармактын адистери күндүн ысышы менен тамак-аш бат бузулуусун эскертип, жарандарды этият болууга чакырууда. (YA)

XS
SM
MD
LG