Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өтөт


Бүгүн коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев жетектеген кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссия Дүйшөмбү шаарына жөнөп кетти. Маматалиев “Азаттыкка” кабарлагандай, аталган комиссия 12-13-майда эки өлкө ортосундагы талаштуу чек ара аймактарын тактоо жана Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун жандантуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышат.

Ошондой эле Маматалиев кыргыз тарап чек арадагы соңку жаңжал боюнча маселени көтөргөнү жатканын кошумчалады:

- 7-майдагы жаңжал боюнча маселени да кароону сунуштайлы деп жатабыз. Анда биздин жарандардын мүлктөрүнө зыян келтирилген. Мына ушул зыянды төлөп берүү жана жаңжалга күнөлүүлөрдү тезинен жазалоо маселесин көтөрөбүз.


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын такталбаганынан улам коушна жашаган эки элдин ортосунда мезгил-мезгили менен чыр-чатактар чыгып келет. Акыркы жолу 7-майда Баткен районунун Жака-Өрүк участкасында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Анда кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. 17 кыргызстандык жабыркап, анын 9у ооруканага жаткырылган. Ал эми Тажикстандан 8 адам жараат алганы кабарланган. Окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберген.(BkA)

XS
SM
MD
LG