Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Баткен: облус башчысын кетирүү талабы


Баткен: облус башчысын кетирүү талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Баткенде чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылып чогулгандар өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго кызматтан кетүү талабын коюшту. Облустук музыкалык-драмтеатрынын залында облус жетекчиси менен сүйлөшүп жаткандар аны тезинен кызматын таштап, залдан чыгып кетүүгө үндөдү. Сөз алган аксакалдардын бири кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалга аймактагы абалды жакшы билбеген азыркы өкмөт өкүлдөрү күнөөлүү экенин айтты. Чек ара көйгөйүнө байланыштуу Баткенде өтүп жаткан митингге 500дөн көп эл топтолгон. Облустук бийликтин имаратын милиция курчоого алган. Өткөн аптада кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан улам, баткендиктер облус жетекчисин кызматтан кетирип, маселени чече ала турган кишини алып келүүнү өкмөттөн талап кылышкан. Жергиликтүүлөр маселе 3 күндө чечилбесе, митинг башташаарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG