Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

Кыргыз-тажик жаңжалы үчүнчү күчтүн кутумубу?


Кыргыз-тажик чек арасында акыркы жылдары чыр бат-бат кайталанууда. Баткен. 2014-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасында акыркы жылдары чыр бат-бат кайталанууда. Баткен. 2014-жыл.

7-майда тутанган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды үчүнчү күчтөр атайын уюштурушу мүмкүн экени айтылууда.

Мындай жоромолду Кыргызстандын коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Абдырахман Маматалев журналисттер менен болгон жыйында билдирди. Анын ырасташынча, окуя болгон жерде чек ара чатагын ырбатып, эки элди тукурган адамдар болгон.

- Үчүнчү күчтөр бар экени тууралуу версиялар бар. Биринчиден, чатак жөнөкөй эле нерседен башталып чоң жаңжалга айланып кетти. Экинчиден, ошол жердеги адамдардын жүрүм-туруму мурдатан даярдалгандай таасир калтырды. Азыр эми үчүнчү күчтөр ким экенин так айтууга мүмкүн эмес. Анткени иликтөө бүтө элек. Чагымчыл күчтөр эки тарапта тең болгон. Чек ара чырын саясий чатакка айлантып, кыргыз менен тажиктин, эл менен бийлик ортосунда тирешти күчөтүп, кырдаалды курчуткусу келген күчтөр бар экени алдын ала алынган маалыматтардын негизинде белгилүү болду.

Маматалиев жергиликтүү элдин облус жетекчилигин токтоосуз алмаштыруу талабын чагымчыл күчтөрдүн негизги максаттарынын бири болушу мүмкүн деп кошумчалады.

8-майда чек ара чырын жайгарганы Баткенге барган Абыдрахман Маматалиевге жергиликтүү эл Жеңиш Разаковдун ордуна Мамат Айбалаевди облус жетекчиси кылып дайындоо талабын коюшкан.

“Кырдаалдын курчушуна тажиктер көбүрөөк кызыкдар”

Турмуштук муктаждыктан чыккан чырды аты аталбаган үчүнчү күчтөргө түртө салуу жөн гана элди алаксытуу. Мындай пикирин коопсуздук маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев ортого салды. Ал эң ириде чек аралаш элдин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү керектигин айтууда.

- Баарын укуктун негизинде чечүү керек. Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү дипломатиянын, дос-тамыр мамилелеринин негизинде жөнгө салуубуз шарт. Аты аталбаса ал жерде кайдагы үчүнчү күч? Андай эле кыйын болушса ошол күчтөрдүн сакалдуу-көкүлдүүлөрүн табышпайбы. Ошондуктан бул жөн гана шылтоонун шыноосу.

Коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов үчүнчү күчтөр эки тарапта тең бар деген ойдо. Мамытов жаңжалдын ырбашына көбүрөөк тажик тарап кызыкдар экенин баса белгилеп, сөз болуп жаткан үчүнчү күчтөр деп буларды атады:

- Ворух анклавындагы жашаган тажиктерди алып карасак, Лейлекке жакын жашагандардын көбү мачаи тажиктери. Булар борбордук тажик бийлигин анча деле жактыра беришпейт. Арасында диний-экстремисттик уюмдун, кылмыштуу топтун мүчөлөрү, маңзат бизнеси, аткезчилик менен шугулдангандар көп. Мына ушулар кыргыз-тажик ортосундагы кырдаалдын курчушуна кызыкдар. Албетте кыргыз тарапта деле ушундай күчтөр бар.

Жаңжалдын ырбашына эмне себеп?

Деген менен баткендиктер бийлик айтып жаткан жоромолдорго ишенбейт. Жергиликтүү байкоочу Базарбай Масейитовдун ишендиришинче, кыргыз-тажик тирешинин чыныгы себеби көп жылдардан бери чечилбей келаткан жол жана жайыт маселеси.

- Бул жердеги акыркы тирештин башкы себеби жайыт. Анткени тажиктер Кыргызстандын жайытына чыга албай калышты. Аларга жайыт керек да. Ошол эле Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу токтоп калды. Чек ара маселелери, жергиликтүү элдин коопсуздугу көптөн бери чечилбей келет. Элдин турмушу өтө начар. Чыңалуу ушул көйгөйлөрдүн көптөн бери чечилбегенинен болуп жатат. Бул жакта эч кандай үчүнчү, төртүнчү күчтөр жок.

7-май күнү чыккан чек ара жаңжалында кыргыз тараптан 17, тажик тараптан 8 адам жараат алып, кыргыз айылдарындагы дүкөндөр жана унаалар өрттөлгөн. Учурда болуп өткөн окуяны эки тарап биргелешип иликтеп жатат.

Мына ушул жаңжалдан кийин 12-13-май күндөрү Дүйшөмбү шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, анда Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун курууну улантуу макулдашылган.

XS
SM
MD
LG