Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Түркияда шахта кырсыгынан 200дөй адам мерт кетти


Түркиянын түштүгүндө көмүр шахтада жарылуудан кеминде 200 шахтер каза тапты. Кырсык 13-майдын кечинде Маниса провинциясындагы Сома шаарында болгон. Бийликтин айтымында, электр зымында от тутанып, жарылууга алып келген. Ошол учурда жер алдында 800дөй киши иштеп жаткан.

Азыр тирүү калгандарды аман алып чыгуу аракети көрүлүүдө. Премьер-министр Режеп Эрдоган Албанияга сапарынан баш тартып, окуя болгон жерге барды. (RK)

XS
SM
MD
LG