Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Киев: Террорчулардын эки базасы жок кылынды


Украинада өкмөт өлкөнүн чыгышында жикчилер кармап турган эки аскер турагы жок кылынганын бышыктады. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө президенттин кызматын аткаруучу Александр Турчинов Краматорск шаарынын жанындагы «жашыруун согуштук база» жана Славянскиде телемунаранын жанындагы тосмолонгон жай жок кылынганын билдирди.

Кечээ Киев өкмөтү чыгыштагы кризис жана конституциялык реформа боюнча «улуттук диалог» жарыялаган эле. Бирок бул күнкү жыйынга жикчилерден өкүл катышкан жок.

Өкмөт жикчилер куралын таштамайынча алар менен сүйлөшпөй турганын айтууда. Сепаратисттер өз кезегинде өкмөттүк аскерлерди аймактан чыгарып кетүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG