Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Ташкентте НАТОнун бюросу ачылды


Ташкентте НАТОнун Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык бюросу расмий ачылды. 16-майдагы салтанатка Түндүк альянстын баш катчысынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Жэймс Апатурай катышты. Ал "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы менен маегинде бюро НАТО жана Борбор Азия мамлекеттери менен “кызматташтыкты алга жылдыруу” багытында иш алып бармакчы.

Апатурай альянстын өнөктөштүгү алардын Орусия менен кызматташтыгына атаандаш болууну көздөбөйт деп белгиледи.

Анын алдында НАТОнун өкүлү Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Өзбекстан НАТОнун тынчтык үчүн өнөктөштүк программасына 1994-жылдан бери мүчө.

XS
SM
MD
LG