Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Бишкекте 116 имарат мыйзамсыз курулууда


Бул тууралуу мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча кеңешмеде Баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, өкмөт алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция өз милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбай жатат. Мындан улам прокуратура органдары тарабынан быйыл мыйзамсыз жер тилке бөлүү боюнча 93 прокурордук акт түзүлүп, 36 кылмыш иш козголду. Баш прокурор жер бөлүүгө тиешеси бар мамлекеттик органдарда иштегендерге жана алардын жакындарына таандык жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү өкмөткө сунуштады.

Ошондой эле Салянова Башкы прокуратура бул багыттагы мыйзамдарды катаалданттуу боюнча сунуш даярдап жатканын кошумчалады. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG