Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:01

Цушко украин президенттигине талапкерликтен баш тартты


Мамлекет башчылыкка талапкер Василий Цушко бейшемби күнү шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Ал конкреттүү себебин айтпады, бирок мамлекет башчыны мүмкүн болушунча эртерээк тандаш керектигин белгиледи. Анын айтымында, легитимдүү президент шайланса гана өлкө чыгышындагы абалды жайгарууга, коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүгө жана Украинада тезирээк тынчтык орнотууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Бирок шайлоо бюллетенинен анын аты-жөнү өчүрүлбөйт. Василий Цушко шайлоочуларына кайрылып, анын фамилиясынын тушуна белги койбоону суранды.

Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы дагы бир нече адамдын талапкерлигин өз арыздарынын негизинде алып салган. Бирок алардын фамилиясы бюллетенде кала бермекчи.

Украинадагы президенттик шайлоо 25-майда болот. Талапкерлердин тизмесине 21 кишинин аты-жөнү жазылган.

XS
SM
MD
LG