Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Путин: Батыштын санкциялары глобалдык кризисти тереңдетет


Орус президенти Владимир Путин Батыштын Орусияга киргизген санкциялары кайра өзүнө терс таасирин тийгизерин билдирди.

23-майда Санкт-Петербургдагы эл аралык бизнес-форумда сүйлөп жатып ал Европа Биримдиги менен АКШ өз санкциялары менен глобалдык экономикалык кризисти тереңдетип жатканын белгиледи.

Путин дүйнө лидерлеринин бир уюлдуу дүйнө моделин түзүү аракети болбой калганын белгиледи.

Ошондой эле ал Украинага байланыштуу Орусияга киргизилген санкциялар ата мекендик ишканаларга чоң таасир эткенин, бирок чоң эффект бербегенин айтты.

Путин Москва 25-майда Украинада өтө турган шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын айтып, андан көрө референдум өткөрүп, Баш мыйзам кабыл алышса жакшы болмок деген пикирин кошумчалады. Анын айтымында, Конститутцияга ылайык Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович дагы эле легитимдүү президент бойдон калууда.

Ошондой эле орус президенти Украинадагы “төңкөрүшкө” Батышты айыптап, өлкөдө “башаламандык жана толук кандуу жарандык согуш орнотту” деп айтты.

Орусиянын Крымды басып алуусуна жана Украинадагы кризисти жайгарбаганына жооп катары Санкт-Петербургдагы бизнес-форумга ондогон Батыш компаниялары бойкот жасашып, катышуудан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG