Шаардын “Жеңиш” эс алуу багында ооган согушунда курман болгондордун урматына жоокердин курал кармап отурган айкели ачылды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Ооган согушунун Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Бекболот Жетибаев билдирди. Эстеликти орнотууга 1 миллион сомго жакын каражат жумшалган.
Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Тыныбек Кадыров жыл сайын Ооган апаатынан жарат алып келген ардагерлердин катары суюлуп жатканын айтып, алардын бала-бакыраларын мамлекет камкордукка алуу максатында Жогорку Кеңеште сунушталган мыйзам долбоору парламентчилер тарабынан колдоо табарына үмүт артаарын билдирди.
Ооган согушуна Жалал-Абад облусунан миңден ашуун атуул катышкан. (RsK/SA)