Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Украинанын чыгышында уруш уланууда


Эртең 25-майда Украинада президенттик шайлоо күнү. Бирок өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл согушчандардын кагылышуусу уланууда.

Донецк облусунун Карливка кыштагынын жанында Украин армиясынын эки жоокери октон өлгөнүн жана кыштакта жикчилдер орноткон өтмөктүн алдында дагы бир жоокердин жасаты жатканын Ассошиэйтед пресс агенттиги кабарлады. Бул маалыматты жикчилдер жана өкмөттүк күчтөр тастыкташа элек.

Чыгыш украиналык жикчилдердин башчылары өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда добуш берүүгө жол бербесин айтып коркутушууда. Расмий Киев козголоңчуларды бас-бас кылуу үчүн чабуулду токтото элек.

Шайлоого көз салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары 23-майда Киевге келишти.

XS
SM
MD
LG