Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Индиянын премьер-министри Моди ант берди


Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди бүгүн кызматына киришүү антын берди. Делидеги салтанатка бир катар өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, анын ичинде кошуна Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф катышты.

Азем алдында Шариф бул иш чара эки өлкөнүн алакаларын жакшыртуу үчүн “өтө жакшы учур жана мүмкүнчүлүк” болоорун айткан. Ал эки өкмөт тең олуттуу мандатка ээ болгонун, андыктан бири-бири менен сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи.

Модинин Бхаратия жаната партиясы өткөн жумадагы жалпы шайлоону ишеничтүү жеңген. Жаңы өкмөт башчы экономиканы жандандырууга, өлкөнү глобалдуу экономикалык лидерге айландырууга убада кылууда.

Шарифке чейин Пакистандын бир да премье-министри Индия жетекчисинин ант берүүсүнө катышкан эмес. Моди менен Шариф эртең расмий жолугушуу өткөрүшөт деп күтүлүүдө. Британиядан көз каранды болгон 1947-жылдан бери эки өлкө Кашмир аймагы үчүн үч жолу согушкан.

XS
SM
MD
LG