Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Июнь коогасында жабыркаган ишкерлер өкмөткө нааразы


Июнь коогасында жабыркаган ишкерлер өкмөт убада кылган насыяны ала албай жатканын айтууда. Жалал-Абад облусундагы кабарчыбыздын билдиришинче, өкмөттүн 2011-жылдын 16-майындагы токтомунда июнь окуясында мүлк-байлыгынан ажыраган Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ишкерлерге процентсиз 150 миң сомдон ссуда төлөө жагы каралган.

Ал милдетти аткаруу Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча быйыл жоюлуп кеткен мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн. Дирекция жабылгандан бери ишкерлер насыяны кайдан аларын, кайсы уюмга кайрыларын билбей, өкмөткө нааразы болууда.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, жабыркаган ишкер Саясат Миңбаева облуста мындай жардамга муктаж 100дөн ашуун ишкер, ал эми Оштогуларды кошкондо 315 ишкер акча ала албай келатканын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG