Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Сирияда химиялык куралды текшерүүчү инспекторлор уурдалды


Сирияда химиялык курал колдонулганы тууралуу далилдерди издеп жүргөн эл аралык топтун өкүлдөрү Хама шаарында уурдалганын бүгүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Министрлик муну президент Башар ал-Асадга каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардан көрүп жатат.

Билдирүүдө айтылгандай, жалпысынан эки машинеде 11 адам уурдалган. Алардын алтоо Химиялык куралга каршы эл аралык уюмдун адистери, калганы жергиликтүү айдоочулар.

Азыр Сириянын химиялык куралын жок кылуу ишине көз салып жаткан уюм ушул айда бул өлкөгө өз адистерин жиберген. Алар Хама провинциясында хлорин газы колдонулган деген маалыматты иликтемек.

XS
SM
MD
LG