Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Бишкекте жетим балдар үчүн саякат уюштурулду


Бишкек шаарындагы балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан 200дөй бала он беш “Лимузин” менен Бишкек көчөлөрүн кыдырды. Иш-чараны “Элим барсыңбы?” коомдук фонду уюштурганын “Азаттыкка” анын өкүлү Хабибулла Арзыкулов билдирди.

Балдар мамлекеттик жана жеке балдар үйлөрүнөн чогулган. Аларга “Асанбай” эс алуу багында оюн-зоок уюштурулуп, түшкү тамак тартууланды. Андан ары “Манас” кинотеатрында мультфильм көрсөтүлдү.

“Лимузинде” саякатка чыккан балдардын коопсуздугун милиция өкүлдөрү көзөмөлдөдү.

Кайрымдуулук иш-чарасы 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG