Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Эттингер: 1000 куб метр газ үчүн 485 доллар көп


Европа Биримдиги, Орусия жана Украинанын өкүлдөрү 30-майда Берлинде кездешип Москва - Киев ортосундагы газ талашын чечкенге аракет кылат. Евробиримдиктин энергетика боюнча комиссары Гюнтер Эттингердин айтымында, Орусиянын 1000 куб метр газы үчүн 485 доллар талап кылганына ынанып болбойт.

Украина 1000 куб метр газ үчүн 268,5 доллар төлөгөнгө макул.

Өкмөттүк "Газпром" компаниясы 7-июнга Украинанын газ карызы 5,2 млрд долларга чыгат деп, 2-июнга мурдагы бересеси төлөнсүн деп шарт койгон. 28-майда Орусиянын энергетика министри Алексей Новак Украинадан 30-майга 2 млрд доллар төлөөнү, болбосо 3-июнда газ бууларын эскерткен.

Евробиримдик Москва Украинага газ берүүнү токтотсо, Биримдиктин кээ бир өлкөлөрүнө газ аз келе баштайт же Украина аркылуу газдын келүүсү биротоло токтойт деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG