Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Кыргыз балбаны алыш күрөшүнөн Азия чемпиону болду


Иранда Азия мамлекеттеринин балбандары катышкан алыш күрөшү боюнча таймашта Кыргызстандын курамасы 1 алтын, 5 күмүш, 1 коло байге утуп алды.

Бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарынын чемпиону Нурбек Аканов абсолюттук салмакта Азия чемпиону аталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Кумметковус шаарында өткөн таймашта кыздардан Эльза Абдыкадырова, Бүбүсайра Абдыманап кызы, эркектерден Мырзабек Кочкоров, Руслан Табалдиев жана Акматжан Сабыржан уулу күмүш медал тагынды.

Канимет Барпыбеков Азия чемпионатынын коло байгесине татыды.

Кыргызстандын тандалма командасын Иранга башкы устат Кабыл Бөрүбаев алып барган. (КМа)

XS
SM
MD
LG