Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Брюсселде Чоң Жетинин саммити уланууда


Бельгия -- Чоң Жетинин лидерлери, Брюссель, 4-июнь, 2014
Бельгия -- Чоң Жетинин лидерлери, Брюссель, 4-июнь, 2014
Өнүккөн жети өлкөнүн жетекчилери Брюсселдеги саммитин улантышууда. Кечээ башталган жыйындын акыркы күнүндө негизинен Украинадагы кризис туурасында сөз болду. Бүгүн глобалдык экономика жана соода, энергетика коопсуздугу, климаттын өзгөрүшү талкууланууда.

Кечээки билдирүүсүндө Чоң Жетилтиктин лидерлери Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы «дестабилдештирүү» аракеттерин токтотпосо, дагы санция киргизилээрин эскертишти. Жетилтиктин саммити башында Сочиде өтмөк, бирок Орусия март айында Крымды аннекциялап алгандан кийин, жыйын Брюсселге которулган. Жетилтиктин лидерлери Францияда эртең өтө турган жолугушууларда Путин менен «конструктивдүү» сүйлөшүү болот деген үмүтүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG