Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Нормандияда экинчи фронттун ачылганынын 70 жылдыгы белгиленди


Экинчи дүйнөлүк согуш кезде Францияда экинчи фронттун ачылганынын 70 жылдыгына арналган салтанатка согуштун жүздөгөн ардагерлери жана дүйнө лидерлери катышты.

6-июнда Нормандиянын жээгинде өткөн салтанатта Орусиянын президенти Владимир Путин Франция, АКШ, Германия, Британия, Канада жана Украинанын лидерлери менен чогуу болду.

1944-жылдын 6-июнь күнү таң азанда союздаштардын аскерлери жамгырдай төккөн октун астында фашисттик Германия басып алган Европанын жээгине түшөт. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштун бүтүшүн тездетет.

Франциянын президенти Франсуа Олланд мааракенин ачылышындагы сөзүндө “Бүт дүйнөдөн келген бардык жаштардын жээктерди жана кум дөбөлөрдү метрлеп отуруп ээлөөдөгү эрдиктерине” таазим кылганын айтты. Ошондой эле мурдагы Советтер Союзунун Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке “чечүүчү салым кошконун” белгиледи.

XS
SM
MD
LG