Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Бишкекте кафеде ок аткан милиция кызматкеринин аты-жөнү такталууда


Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта жайгашкан “Аура” кафесинде жарандарга каршы ок чыгарган милиция кызматкерлеринин аты-жөнү тактала элек.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, 7-июнь күнү таңкы саат 4төр чамасында аталган парктагы “Аура” кафесинде атышуу болуп, андан 3 киши жаракат алган.

- Окту милиция кызматкерлери чыгарган деген маалымат бар. Бирок кайсы кызматкерлер экенин тактап жатабыз. Жабырлануучулар арыз жазуудан баш тартышты. Бирок күнөөлүүлөр өз жазасын алышат.

Буга чейин “Аура” кафесинин жетекчилиги атышуу болгонун төгүндөп келген. Алдын-ала маалыматтарга ылайык, окуя болгон жерден травматикалык тапанчанын 3 гильзасы табылган. Ок аткан милиция кызматкери мас абалында болгону тууралуу да сөздөр бар. (UEz)

XS
SM
MD
LG