Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Алматыда көз карандысыз сайттын кеңсесин тинтишти


16/12 сайтынын кеңсесин тинтүү, Алматы, 9-июнь, 2014.
16/12 сайтынын кеңсесин тинтүү, Алматы, 9-июнь, 2014.
Өздөрүн салык полициясынын кызматкерлери деп тааныштырган адамдар Алматыдагы көз карандысыз веб сайттын кеңсесин тинтишти. Алар тинтүүнүн себебин "Азаттыктын" кабарчысына түшүндүрүүдөн баш тартып, журналистти күч менен сыртка чыгарып салышты.

16/12 деп аталган видео сайт Казакстан өкмөтүн сындаган материалдары менен таанылган. Сайттын өкүлү Санат Урналиаев биздин кабарчыга айтканына караганда, аларга тинтүүнү тасмага түшүрүү уруксаты берилген жок. Ал Фэйсбукта жазгандай, сайт өкүлдөрүнө Алматы шаар прокуратурасынын тинтүүгө уруксат берген ордерин көргөзүшкөн. Азырынча кошумча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG