Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

Ооганстанда АКШнын беш аскеринин өлүмү иликтенүүдө


Расмий адамдардын билдирүүсүнө караганда, Ооганстандын түштүгүндө өлтүрүлгөн америка аскерлери НАТОнун асмандан жасаган чабуулу учурунда набыт болгон. Бул өз аскерлерин өздөрү өлтүрүп алыш мүмкүндүгү тергөөгө алынууда. Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби АКШнын беш жана Ооганстандын бир аскери 9-июнда аскердик операция учурунда өлгөнүн тастыктады. Ооган армиясы аскерлер талиптерге каршы абадан колдоо сурап кайрылганда өздөрү чабуулга туш болушканын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG