Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Өзбекстанда кармалган кыргыз жарандары бошотула элек


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.
Бир ай мурда Өзбекстандын Фергана облусунун аймагында кармалган Баткендин Кадамжай районунун 41 жаштагы тургуну Кубанычбек Эралиев дагы деле бошотула элек. Анын бир тууган эжеси Бүбүниса Эралиева иниси Фергана шаарында кармалып турганын, бирок өзбек тараптан эч кандай жооп болбой жатканын бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Ага "чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн" деген айып тагылууда.

Былтыр декабрда болсо Аксы районунун үч тургуну Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасында камакка алынган. Жүк ташып иштеген бул үч кыргыз жараны Нукус шаарынан кайткан учурда кармалган. Аларды бошотуп алуу үчүн туугандары Ташкендеги кыргыз элчилигине жана кыргыз тышкы иштер министрлигине жардам сурап кайрылган. Бирок азырынча андан майнап чыга элек.

ТИМдин маалымат кызматынан болсо бүгүн "Азаттыкка" министрлик Өзбекстанда кармалып турган бул төрт жаран тууралуу кабардар экенин, Ташкендеги кыргыз элчилиги аларга укуктук жардам берүү аракетин көрүп жатканын билдиришти.(BkA/SM)

XS
SM
MD
LG