Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Энергетика министрлиги өкмөткө жаңы баа саясатын сунуштады


Электр энергиясына жаңы тарифтик саясат боюнча долбоор өкмөткө жолдонду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, министрлик буга чейин иштеп чыккан баа саясаты коомчулуктун жана эксперттердин элегинен өтпөй калды. Буга байланыштуу эми электрди 1 фазадан алгандар үчүн баа 2015-жылдын 1-апрелине чейин мурдагыдай 70 тыйын, андан кийин жыл сайын инфляцияга жараша өсүп турат. Ал эми 3 фазадан алгандарга бул баа 1 сом 20 тыйынга барабар болот.

Бул долбоор өкмөт талкуулап, бекиткен соң күчүнө кирмекчи.

Мурда Энергетика министрлиги жайкысын айына 300 кВт/сааттан ашык колдонгондорго бааны 1 сом 20 тыйынга, кышында 600 кВт/саат энергиядан көп болсо 2 сом 20 тыйынга чейин жогорулатууну сунуштаган болчу. Эксперттер муну коррупцияга жол ача турган саясат деп сындап чыгышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG