Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

Кыргызстанда “Мисс медиа-2014” сынагы өтөт


“Визард” чыгармачыл бирикмеси Кыргызстандын эгемендик майрамына карата “Мисс медиа-2014” сынагын өткөрөт. Журналист кыз-келиндер арасында кеңири масштабдагы сулуулар сынагы биринчи жолу уюштурулууда. Учурда анын жол-жобосу такталып жатат.

Сынакка 20 жаштан 35 жашка чейинки айымдар катыша алат. Баш байге алган сулууга Римге бир жумалык эс алуу жолдомосу берилет.

Катышууну каалагандар 30-июнга чейин катталышы керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруу тобунан кабарлашты. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG