Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Бишкектин экс-мэри боюнча соттук териштирүү уланат


Башкы прокуратура тарабынан айыпталып жаткан мурунку мэр Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө караганда, бүгүн Октябрь райондук сотунда анын адвокаттары жана ал өзү акыркы сөз сүйлөйт.

Мамлекеттик айыптоочу Иса Өмүркулов мэр кезинде Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы парктан жер тилкелерин мыйзамсыз берген деп 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Өмүркулов менен кошо мэриянын бир катар мурунку кызматкерлери да соттолууда. Адвокаттын жана айыпталуучунун сөзүнөн кийин сот чечим чыгаруу үчүн кетет. (AiT)

XS
SM
MD
LG