Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Алай боюнча сот чечимин аткаруу үчүн милиция чара көрөт


Оштун Алай районунда жол тоскондор боюнча сот чечимин аткаруу үчүн милиция мыйзамдуу чара көрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Алай райондук сотунун Ош – Эркеч-Там унаа жолун тосууга тыюу салган чечими күчүнө кирди. Эми камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлери жолду ачышы керек. Өмүрзаков эгер сот чечими аткарылбаса милиция мыйзам чегинде чара көрөрүн эскертти:

- Кечээ кечинде Алай районунун акими, райондук милиция бөлүмүнүн башчысы элге түшүндүрүп, мыйзамдын талабын аткаруу керек экенин эскертти. Эгер чечимди аткарбаса эмне чара көрүлөрү мыйзамда жазылган. Ошого жараша милиция чара көрөт. Буга милиция даяр, - деди Өмүрзаков.

Бирок Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарыбашев райондук соттун эскертмесин көрбөгөнүн, бүгүн жол ачылбай турганын кабарлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG