Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Алайда буулган жол бүгүн да ачылган жок


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун Алайдагы Ош – Эркеч-Там жолун бууп турган тарапкерлери менен вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады. “Азаттыктын” Алайда жүргөн кабарчысы Ыдырыс Исаковдун билдиришинче, нааразылыкка чыккандар Келдибеков чыкмайын 27-майдан бери тосулуп турган жолду ачпай турганын айтышты.

Бирок акция катышуучуларынан 5 өкүл эртең Бишкекке келип өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолукмай болду. Учурда жолугушуу аяктап, Маматалиев баштаган бийлик өкүлдөрү Ошко кетти. (YI/BkA)

XS
SM
MD
LG