Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

"Кудайбергендин" соодагерлери министрди айыптоодо


Бүгүн Бишкектеги "Кудайберген" унаа тетиктерин сатуучу базарында иштеген соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, 300гө чукул адам соода орундарынын баасы кымбаттаганына нааразы болуп, бул иште базар ээсин экономика министри Темир Сариев калкалап жатканын айтты.

Жакында бир топ ызы-чуудан кийин базарда орундар 100% кымбаттаган болчу.

Министр Сариев базардагы орундардын баасын аныктоого мамлекет кийлигишпегени туура, ал жакта өзүлөрү тандаган профсоюздар түзүлүшү керек деген көз карашын айткан. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG