Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Бишкекте Окуджаванын поэзия кечеси өтөт


Бүгүн Бишкекте советтик жана орусиялык акын, композитор, бард аткаруучу Булат Окуджаваны эскерүү кечеси өтөт. Жергиликтүү орус тилдүү акындар жана белгилүү ырчылар анын чыгармаларын аткарат.

Бард жанры XX кылымдын экинчи жарымында Италияда пайда болгон. Ал эми Орусияда өткөн кылымдын 50-60-жылдары чыгып, Булат Окуджава, Александр Галич, Владимир Высоцкий, Юрия Визбор сыяктуу акын-аткаруучулар өз угармандарын тапкан.

Кыргызстандык бард-аткаруучулар жыл сайын Бишкекте өзүнүн фестивалын өткөрүп турат.

Булат Окуджава 1997-жылы 12-июнда 73 жашында каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG