Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Чүйдөгү байыркы шаар калдыктарын дүйнөлүк мураска киргизүү сунушталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Катар мамлекетинин Доха шаарында ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 38-сессиясына катышып жаткан кыргыз делегациясынын башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков билдирди. Анын айтымында, Улуу Жибек жолунун тарыхын көрсөтүп турган тарыхый-маданий булактарды дүйнөлүк мураска киргизүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Булар Чүй өрөөнүндөгү орто кылымга таандык Навакет - азыркы Красная речка, Суяб - азыркы Ак-Бешим жана Баласагын Бурана шаарчаларынын калдыктары болуп саналат.

Кыргызстан барган делегациянын курамында ЮНЕСКО боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Элнура Корчуева жана Улуттук илимдер академиясынын Улуу Жибек жолу боюнча номинацияны даярдоо боюнча эл аралык координациялык кеңешинин мүчөсү Бакыт Аманбаева бар.

Буга чейин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине Ош шаарындагы Сулайман-Тоо киргизилген. (AzK)

XS
SM
MD
LG