Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Татарстандагы Булгар тарыхый жайы ЮНЕСКО тизмесине кирди


Татарстан. Эдил (Волга) дарыясынын боюндагы Булгар тарыхый комплекси.
Татарстан. Эдил (Волга) дарыясынын боюндагы Булгар тарыхый комплекси.
Татарстандагы байыркы Булгар шаарынын калдыгы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Мындай чечим уюмдун Доха шаарында өтүп жаткан 38-сессиясында кабыл алынды.

Андан тышкары тизмеге Кытай, Коста-Рика, Германия, Вьетнам, Индия, Филлипин жана Даниядагы айрым тарыхый жайлар кошулду.

Булгар шаары Волга (Эдил) боюндагы булгарлардын 10-кылымга чейин гүлдөп турган мамлекетинин борбору болгон.

Ал эми 13-кылымда шаар Чыгыш Европаны бийлеген түрк-монголдук Алтын Ордо мамлекетинин алгачкы баш калаасы болуп калган.

XS
SM
MD
LG