Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Жон Керри Ирак кризисин талкуулоо үчүн Брюсселге келди


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри НАТОго мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлери менен Ирак кризисин талкуулоо үчүн Брюссель шаарына келди. Жолугушуу бүгүн болот. Жыйында Украина менен Ооганстанга байланыштуу маселелер да талкууланат.

Жон Керри 23-24-июнь күндөрү Иракта болду. Багдадда премьер-министр Нури ал-Малики менен, Ирбил шаарында Күртистан автономиясынын президенти Масуд Барзани менен кездешип, мамлекеттеги абалды талкуулаган.

Ушул күндөрү Ирактын батышы менен түндүгүндө көпчүлүк аймактарды басып алган суннилер башындагы козголоңчулар Багдадды көздөй жылууда.

XS
SM
MD
LG