Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Парламент Келдибеков маселесин карамай болду


Келдибеков боюнча маселе парламенттин бүгүнкү күн тартибине кирди. Мындай сунуш менен "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошева чыккан болчу.

Буга чейин "Ата-Журт" Акматбек Келдибековго чет жерде дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү парламентте талкуулоо чечимин кабыл алган. Акматбек Кедибековго 10-июнда төртүнчү ирет операция жасалган. Жолдошева анын акыбалын оор деп баалап, чет жерде дарыланып келүүгө уруксат берүү зарылдыгын айтууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков мамлекеттин акчасын жөнсүз короткон деген айып менен былтыр 22-ноябрда камакка алынган. Кечээ ага карата козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна түштү. (RK)

XS
SM
MD
LG