Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Кыйноого кабылгандарды колдоо күнү белгиленет


26-июнь - Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлер жана жарандык активисттер арасында футболдук беттеш өтөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган иш-чараны уюштуруп жаткан “Эркиндик үнү” коомдук фондунун башчысы Сардар Багышбеков билдирди. Иш-чара тартип сакчылары менен жарандык коомду жакындатууну максат кылат.

- Жыл сайын күч органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган адамдардан 300гө жакын арыз түшөт. Бирок алардын 6-10 пайызы гана иликтөөгө алынат. Көп учурда милиция кылмышка шектүүлөрдү күнөөнү мойунуна алдыруу үчүн зордук-зомбулук көрсөтөт, - деди Багышбеков.

БУУнун жылдык баяндамасында Кыргызстанда жарандарга карата тартип сакчыларынын кыйноосу системалуу мүнөзгө ээ экени белгиленген.

Кыйноого кабылгандарды колдоо күнү БУУнун демилгеси менен 1997-жылдан бери белгиленип келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG