Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Порошенко жергиликтүү бийлик укугун кеңейтүүнү сунуш кылат


Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору өлкө чыгышындагы жикчилерди тынчтантууну караган пландын алкагында сунуш кылынарын украин президенти Порошенко өзү билдирди.

Кризистен чыгуу жолдорун талкуулоо үчүн ал бүгүн да орус президенти Путин, немец канцлери Меркел, француз президенти Олланд менен чукул телефон сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат.

Порошенко бүгүн ошондой эле Страсбургда Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында кайрылуу жасайт.

Өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ортосунда ок атышууну токтотуу макулдашылганына карабай, бүгүн Украинанын чыгышындагы Краматорск жана Славянск шаарларынын айланасында атышуу болгону кабарланды.

Президент Порошенконун айтымында, ок атышууну токтотуу макулдашылгандан бери жикчилер бул режимди 52 ирет бузушту. (UE)

XS
SM
MD
LG