Венгриялык белгилүү кинорежиссер Марта Месарош менен жолугушуу бүгүн Бишкектеги Кино үйүндө болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Марта Месарош жолугушууда өзүнүн кинолору жана Венгриядагы 1956-жылдагы окуя тууралуу ой бөлүшөт. Жолугушууну “Маданият” журналынын башкы редактору Памирбек Казыбаев уюштурууда. Марта Месароштун атасы Ласло Месарош Кыргызстанга белгилүү скульптор болгон. (AiT)