Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Израил өкмөт башчысы күрттөрдүн эгемендүүлүгүн колдоду


29-июнда Тел-Авивде сүйлөгөн сөзүндө Бинямин Нетаняху күрттөрдү “күрөш жүргүзүп келаткан, саясий жактан жеткилең жана эгемендүүлүккө татыктуу эл” катары баалады. Күрттөр Иран, Ирак , Сирия жана Түркия аймактарында жайгашкан, Иракта автономияга ээ. Бул арада Израил Палестинага ракеталык сокку урганы кабарланды. Андан эки киши жабыркаган. Израил менен Палестинанын ортосундагы абал Израилдин үч жараны жоголуп кеткенден кийин курчуп кетти. Израил бийлиги үч жаранды уурдоонун артында ХАМАС турат деп айыптоодо. (AiT

XS
SM
MD
LG