Өкмөт электр энергиясына тарифти жогорулатуу боюнча сунушун парламенттен кайра чакыртып алды. Бүгүн аны парламент карап, чечим чыгармак болчу. Өкмөт электрди үч фазадан алгандарга бааны 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүүнү жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүү принцибин өзгөртүүнү сунуштап жаткан. (RK)