Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Өлкөнүн суу сактагычтарында 30 пайыз гана суу калды


Учурда Кыргызстандын суу сактагычтарында суу запасынын 30 пайызы гана калды. Бул тууралуу Суу чарба департаментинин жетекчи орунбасары Тилек Исабеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, быйыл жылдын кургакчыл болушу дан эгиндерине, талаа өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирүүдө.

“Өлкөнүн бардык аймагын кургакчылык каптады. Апрель, май, июнь айларында жаан-чачын керектүү ченемден аз жаады. Өзгөчө Чүй өрөөнүндө сугат суулары тартыш болууда. Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн жер-жерлерде атайын штабдар түзүлдү.”

Исабеков кошумчалагандай Чүй өрөөнүн сугат суусу менен камсыз кылган Орто-Токой суу сактагычында 12-13 күнгө жеткидей гана суунун запасы калган. Аталган суу сактагычтын сыйымдуулугу 470. млн метр куб болсо, учурда 145 млн. метр куб гана суу калган.

Кыргызстандын айдоо жерлеринин 90 пайызы сугат суусун талап кылат. Суу баскан жерлердин жалпы аянты 840 миң гектарды түзөт (UEz)

XS
SM
MD
LG